Жүргүнчүлөрдүн айтымында, «Озоди» радиосунун сайтына алардын көйгөйү тууралуу макала чыккандан кийин «Сайри лахзаи дуньё» компаниясы мигранттарды башка автобуска отургузуп, 1-март күнү түнкү саат үчтө Москвага жеткирди.
Буга чейин Тажикстандын Хатлон облусунан чыккан 70ке жакын мигрант жолдо автобус бузулуп калганын билдиришкен. 28-февралда алар «Озоди» радиосуна видео жөнөтүп, «бир жумадан бери Москвага жете албай жатканын, тамак-аштары түгөнгөнүн» айтып жатышкан.