«Абыловдун операциясы ийгиликтүү болду, анализдери да жаман эмес. Бирок ал дагы ооруканада жатышы керек. Бул чечимге эч ким канааттанган жок», — деди Булекбаев.
Абылов ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнө 10-февралда которулган.
Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов «Кемпир-Абад ишине» байланыштуу камакка алынгандардын бири.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыр октябрь айынан бери Бишкектеги № 1 тергөө абагында камакта отурат. Февралда сот алардын камактагы мөөнөттөрүн дагы эки айга узарткан.