13:16, 01 марта 2023, Бишкек - 24.kg
Mega уюлдук операторун наркын аныктоо иши уланууда. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангельдиев билдирди.
Анын айтымында, компания мамлекеттин карамагында турат.
«Бирок, аны менчиктештирүү суроосу ачык. Компаниянын наркын аныктоо иштери жүрүүдө. Менчиктештирүү мыйзамына ылайык мамлекеттик өнүктүрүү банкында капитализациялоого шарт түзүлүүдө», — деди ал.