Орусия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү автоунаа берди

09:04, 01 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Орусиядан гуманитардык жардам иретинде өлкөгө 40 өрт өчүрүүчү автоунаа келди. Бул тууралуу 28-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1-мартта Бишкектин эски аянтында техниканы салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өтөт.

Маалыматка караганда, өрт өчүрүүчү унаалар эки өлкө президенттеринин буга чейинки макулдашуусунун негизинде грант катары берилди.

1-февралда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кытайдан грантка келген 100 даана техниканы тапшырган. Алардын 85и өрт өчүрүүчү автоунаа болгон.