Камчыбек Ташиев Венгриядан келген спортчулар менен жолугушту

16:18, 28 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Венгриянын Дебрецен шаарында болуп өткөн бокс боюнча «Bocskai lstvan Memorial» эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан катышып келген спортчулар менен жолугушту.

Фото

Аталган мелдешке Кыргызстандан 10 спортчу катышкан.

Жыйынтыгында спортчу Эркин Адылбек уулу 86 кг салмакта күчүн сынап, финалда Бельгиялык Легенас Идристи жеңип, алтын медалга ээ болгон. Ал эми Асылбек Аманкул уулу 48 кг салмакта күч сынашып, күмүш медалды багындырган.

Камчыбек Ташиев спортчулардын жеңиши менен куттуктап, боксчулардын эмгек сиңирген машыктыруучусу Тилекмат Эңкеевге жана Акыйкат Абаевге ыраазычылыгын билдирди.