11:54
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Иманалиев мектептерди 12 жылдыкка өткөрүү боюнча суроого жооп берген жок

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев 12 жылдык окутууга өткөрүү боюнча суроого жооп берген жок.

Ал бул суроого жооп берүүгө бир ай сурады.

«Өнүккөн өлкөлөрдө үч этап менен окутуу жүрөт: elementary, middle жана high school. Биз өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүктү, советтик педагогиканы, жеке менчик мектептердин пикирин эске алып чечим чыгарышыбыз керек», — дейт ал.

Каныбек Иманалиев депутаттардын жана педагогдордун дагы пикири эске алынарын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар