Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүн Батыш менен мамиле түзүүдө этияттыкка чакырат. Бул тууралуу ал ТАСС агенттигине билдирди.
Михаил Галузиндин айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү АКШнын «мээримдүү жардамынын» кесепеттерин билишет.
«Афган эпопеясы эмне менен бүттү? Хаос жана урандылар менен аяктады. АКШнын демократиялаштыруу аракеттери эң ийгиликтүү болгон учурда төңкөрүштөргө гана алып келүүдө», — дейт ал.

