Камчыбек Ташиев «Альфа» атайын кызматынын курал-жабдыктарын текшерүүдөн өткөрдү

11:27, 24 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин «Альфа» атайын кызматында болуп, аларды Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Жетекчи бөлүктүн карамагына жаңыдан алынган куралдар менен да таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди.