15:24, 22 февраля 2023, Бишкек - 24.kg
Оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талап Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, 2021-жылы айыпталуучу Э.уулу.А. А.Б. аттуу жаранды бычактап, ден-соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.
2023-жылдын 22-февралында Башкы прокуратуранын тапшырмасы боюнча Кыргызстандын ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинди.