14:10, 21 февраля 2023, Бишкек - 24.kg
Мурдакы президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев элдешти. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, мурдакы жетекчилердин жолугушуусу 17-февралдагы Дубайдагы жолугушууга чейин өткөн.
«Баарын Дубайга чогултардан мурда Бишкекте Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичти бир столго олтургузуп, экөөнү элдештиргенбиз. Экөө элдешип, бири-бирин кечиришип тараган», — дейт ал.
Алмазбек Атамбаевге сот 14-февраль күнү баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген.