16:34, 17 февраля 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 2,4 миң кен байлыкка лицензия берилген. Бул тууралуу Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдайт.
Анын ичинен 55 лицензия алтынды издөөгө, чалгындоого −200, казып чыгууга −134 берилген.
Металлды издөөгө −14 лицензия, чалгындоого −61, иштетүүгө −24 бөлүндү. Көмүрдү издөөгө 10, чалгындоого −163, иштетүүгө 244 уруксат кагазы берилген.
Нефть менен газга 50 лицензия берилсе, издөөгө −9, чалгындоого — 17, иштетүүгө — 24.
Андан сырткары суу (563) менен кен эмес заттарга (901) лицензия алынган.