Анын айтымында, өзбек дипломаттары ооган тарап менен байланышкан. Алар бул вандализм акты "Талибандын" саясатын чагылдырбай турганын билдиришкен.
"Талибандын" өкүлдөрү бул абалды "белгисиз кишилердин уруксатсыз жана ойлонулбаган кадамынын жыйынтыгы" деп атаган.
"Ооганстандын өкүлдөрү эстеликти калыбына келтирүү боюнча чара көрөт жана жалпы мурасыбызга сый мамиле жасайт", -деп айтылат Өзбекстан ТИМинин билдирүүсүндө.
Буга чейи Hasht-e Subh Daily гезити Ооганстандын Балх провинциясында Алишер Навоинин эстелиги талкаланганын кабарлаган.
Ооганстанда бийликке талибдер келгенден кийин Шибирган шаарында Алишер Навоинин сүрөтү тартылган дубал түрттүрүлгөнү да айтылган.
Өзбек ойчулу жана акыны Алишер Навои 1441-жылы азыркы Ооганстандын Герат шаарында туулган. Ал убакта бул аймак Тимуриддердин башкаруусунда болгон.