Ош шаарында таза суу берүү токтолду

12:57, 17 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында таза суу берүү токтолду.  Бул тууралуу мэрия билдирди.
 
Маалыматка караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулагандыгына Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.
 
Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200 105.