10:00, 17 февраля 2023, Бишкек - 24.kg
Муфтият Түркияда зилзаладан жабыркагандарга жардам иретинде 16 миллион сом топтоду. Акча каражаты Түркиянын Кыргызстандагы элчисине тапшырылды.
Муфтият мечит-медреселерде 46 миң 260 пара куран жана 4444 жолу салават айтылып, дубалар кылынганын маалымдайт.
«Учурда да тынымсыз Куран хатм кылуу, дуба кылуу, салават айтуу сыяктуу руханий өнөктүк жүрүп жатат» — бейөкмөт уюм.