Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министрлигине өткөрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунан билдиришти.
Алардын маалыматында, мурдакы президенттин конфискацияланган мүлкү 2022-жылы мамлекеттин карамагына өткөн. Ал жерде балдардын реаблитациялык борборун куруу пландалууда.
Белгилей кетсек, кечээ Алмазбек Атамбаевди анын тарапташтары Кой-Таштагы үйүндө тосуп алды. Үйдүн ичи эмерек, идиш-аяк менен камсыздалган.

