Райондук кеңештерди түзүүнү эки жылга артка жылдыруу сунушталууда

15:07, 14 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети Кыргызстанда райондук кеңештерди түзүүнү 2025-жылга жылдырууну сунуштады.

Мамлекеттик кызмат агенттигинин жетекчисинин орун басары Мурат Байдылдаевдин айтымында, айыл өкмөттөрү кеңейип, район ичинде өзгөрүүлөр күтүлөт. Ага байланыштуу райондук кеңештер азырынча түзүлбөйт.

Депутат Жанар Акаев райондук кеңештерди кайра жандантууга каршы чыкты.

«Элдин жарымы — депутат, жарымы — курултайчы. Ашыкча органдын эмне кереги бар? Биз келечекте аким, губернаторлорду дагы жоюп, айыл өкмөттөрүнүн түз министрлер кабинетинин башчысы менен иштөөсүнө шарт түзүү керек», — дейт депутат.