Куткаруучулар урандылардын алдынан аман калган адамдарды алып чыгууну улантууда. Бирок күн өткөн сайын мындай кабарлардын саны азаюуда. Дүйшөмбү күнү бир үй-бүлөдөгү үч аял, ошондой эле төрт жаштагы бир бала куткарылганы кабарланды. Алар урандылардын алдында 170 саттан ашык убакыт болушкан.
Абалды аба ырайынын сууктугу жана имараттардын конструкциясынын туура эмес түзүлгөндүгү оорлотууда — үйлөр ураганда майда бөлүктөргө бөлүнүп, анын алдында калган адамдардын тирүү калуу ыктымалдыгын төмөндөткөн. Түркияда мындай имараттардын курулушуна ыктымал жооптуу катары бери дегенде эле 131 кишиге карата тергөө иштери башталганы кабарланды.