Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор 15 миңден ашты

15:33, 09 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор жалпысынан 15 миңден ашты. Бул тууралуу 9-февралда эртең менен Би-Би-Си кабарлады. Алардын 12,5 миңдейи Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жараат алгандар 63 миңден ашты. Аймакта издөө-куткаруу иштери уланууда.

6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Табигый кырсык Түркиянын 10 аймагында болду. Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар. Каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экени өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына айтылды.