13:11, 08 февраля 2023, Бишкек - 24.kg
«Коронавирустук пандемияга байланыштуу, убактылуу токтоп турган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кол коюлган келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашыруу жанданат. Өзгөчө Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин 2019-жылы Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында өткөрүлгөн бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулар боюнча ишти кайра баштоону сунуштайм», — деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень менен болгон жолугушууда.
«Кыргызстан — Кытай» бизнес-форумунун алкагында 24 меморандум жана келишимге кол коюлган.
Тышкы экономикалык байланыштар жаатында Кыргызстан Кытайды өзүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири катары карайт. Статистика боюнча, 2022-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 3 млрд 678 млн долларды түзгөн, анын ичинен экспорт — 52 млн доллар, импорт — 3 млрд 626 млн доллар.
Ошондой эле, гранттык долбоорлордун негизинде «Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк бере турган Отводной Чүй каналы-2 (ОЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруудагы жардам үчүн ыраазыбыз. Курулуш мезгилинин башталышы менен 2023-жылдын жазында куруу иштерин баштоону суранабыз», — деди Бакыт Төрөбаев.
Мындан тышкары, ири транспорттук долбоор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу. Бул багытта тараптар 2023-жылдын июнь айына чейин толук талаа изилдөө жана техникалык-экономикалык негиздемелерин бүтүрүүсү керек.
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень «Кытайлык керектөөчүлөрдүн Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияга болгон суроо-талабын эске алуу менен Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Кытайдын рыногуна жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Буга байланыштуу Кытай тараптан Кыргызстандын экспортчуларына жеткирүүлөрдү көбөйтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр», — деди ал.
2021-жылы Кыргызстандын экономикасына Кытайдан 233 млн доллардан ашуун түз инвестиция келген. 2022-жылдын январынан сентябрына чейин — 219 млн 701 миң долларды түзгөн.
«Ошондой эле, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданы мындан ары жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат», — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.