Муфтият авиакомпаниялар ортосунда сынакты кайра өткөрөт

11:30, 08 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Зыяратчыларды Сауд Арабияга ташуу боюнча авиакомпаниялар ортосунда сынак кайра өткөрүлөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, конкурстун талаптары толук аткарылбагандыктан кайрадан өткөрүү чечимин  кабыл алынды. 

Конкурска жалпысынан 4 авиакомпания катышкан. 

Конкурска катышууга арыздар 15 -февралга чейин кабыл алынат.