13:52
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны демаркациялоо боюнча жумушчу топторунун алгачкы жолугушуусу өтүп, сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу 7-февралда Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Бахромжон Алоев билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топтордун 2023-жылдагы жолугушууларынын графиги түзүлгөн жана кийинки жолугушуусу жакынкы убактарда өтөт.

Январдын аягында Кыргызстан менен Өзбекстан эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жараянын аяктап, ратификацияланган грамоталарды алмашкан.

Чек араны делимитациялоо — бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы мамлекеттик чек араны сүйлөшүү аркылуу аныктоо. Демаркация — чек ара сызыгын жерине барып атайын чек ара белгилери менен белгилөө.

Эң көп окулган жаңылыктар