Бишкек — Баткен — Бишкек аба каттамы жанданды

17:20, 07 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек — Баткен — Бишкек аба каттамы кайра жанданды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агентигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азырынча «Тез Жет» авиакомпаниясынын учагы жумасына бир жолу гана аткарылып турат.

Белгилей кетсек, Баткен шаарындагы аэропорт оңдоо иштерине байланыштуу 2022-жылы жабылган.  Бул Тажикстандын өткөн жылдын сентябрь айында кол салуусунда оорчулуктарды жараткан.