Нурлан Мотуев зордуктоого айыпталууда

12:16, 07 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Активист Нурлан Мотуев зордуктоого айыпталууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нурлан Мотуев арыз жазган жаранга үйлөнүү убадасын берип, зордуктап кеткен.

«Экөөнүн ортосунда мамиле болгон. Бирок Нурлан Мотуев зордуктоону четке кагууда», — деп айтышты.