11:26, 06 февраля 2023, Бишкек - 24.kg
28-январдан 3-февралга чейин 23 миң 353 жол коопсуздук эрежелерин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы билдирди.
953 авто атайын унаа токтоочу жайга киргизилди.
Анын ичинен:
— тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 197;
— мас абалында унаа башкаруу — 233;
— айнегин караңдатуу — 53;
— жөө жүрүү эрежелерин бузуу — 430;
— автобашаламандык — 6;
— жогорку ылдамдык — 2 861;
— башка жол коопсуздук эрежелерин бузуу — 11 миң 523.