13:26, 03 февраля 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жолугушту.
Жолугушуу Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында өткөн.
Тараптар дагы бир жолу чек ара аймактарында пайда болгон көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүүлөр менен гана чечүүнү макулдашты.
Андан сырткары облустар 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш-чараларды өткөрүп, чек арага жакын жашаган жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.