Россиядагы кыргыз мигранттары бир жылда 3 миң кылмыш жасаган

12:12, 03 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Россиядагы кыргыз мигранттары 2022-жылы 3 миң кылмыш жасаган. Бул тууралуу Тилектештин борбору маалымдайт.

Өткөн жылы мигранттар тарабынан жасалган кылмыштардын саны 9,8 пайызга өскөн.

«Өткөн жылы мигранттар 37 миң кылмышка катышкан, бул 2021-жылга салыштырмалуу 9,8 эсеге көп. Орто Азия өлкөлөрүнүн жарандары Москва шаарындагы кылмыштардын 17,1 пайызына катышкан. 3 миң 900 кылмыш иши Кыргызстандын жарандарына каршы ачылган. Административдик жоопко тартуу жагынан дагы кыргызстандыктар алдыда», — деп айтылат маалыматта.