Аба каттамы 8-февралда иштей баштай турганын «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын жетекчиси Абдулкосим Валиев кабарлаган.
Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Дилшод Сафарзода бул каттамды аткарууда Кыргызстандын аба мейкиндиги колдонуларын белгилеген.
Кыргызстандын Жарандык авиация кызматынын басма сөз катчысы тажик тарап 8-февралдан 21-мартка чейин аба мейкиндигин колдонууну сураганын, азырынча уруксат бериле электигин, маселе каралып жатканын маалымдады.