Орусия президенти Владимир Путиндин жакын санаалашы делген Усманов бул индексте дүйнөдөгү эң бай 500 кишинин ичинен 81-орунга жайгашкан.
Былтыр февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Алишер Усманов АКШнын, Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын санкциялык тизмесине илинген.
Financial Times кабарлагандай, Өзбекстан миллиардер Усмановду санкциялык тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен ЕБге кайрылган.
Январдын аягында Алишер Усманов Орусиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин мүчөлүгүнөн чыгууга арыз берген. Ал муну «пенсияга чыкканы жана ишмердигин токтотуп жатканы» менен түшүндүргөн.