Бишкектин жаңы конуштарын газдаштыруу үчүн 4 миллиард сом керек

13:22, 01 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектин жаңы конуштарын газдаштыруу үчүн 4 миллиард сом керек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында «Газпром Кыргызстан» ишканасынын өкүлү Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын маалыматында, 19 миң үйдү камтыган 14 жаңы конушка газ киргизилген эмес.

2023-жылы 5 жаңы конушка газ киргизүү пландалууда.

«Учурда биз мэрия менен жаңы конуштарды газдаштыруу боюнча жол картасын түзүп жатабыз», — дейт Арзымат Алдаяров.