12:14, 01 февраля 2023, Бишкек - 24.kg
Февраль айында бензиндин чекене баасы дагы 2-3 сомго арзандайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдын декабрь айынан бери Орусиядагы заводдо баанын төмөндөшүнө байланыштуу бензиндин баасы 5-5,5 сомго арзандады.
«2023-жылдын январь айынан бери бензин баасы 20 пайызга түштү. Мындан улам чекене баа дагы төмөндөдү. Февралда дагы арзандайт. Андан ары Россиядагы кырдаалга байланыштуу болот», — дейт Канат Эшатов.