Шайлообек Атазов TikTokту чектөөнү сунуштайт

11:56, 01 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Шайлообек Атазов TikTokту чектөөнү сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, аталган социалдык тармак улуттук идеологияны бузуп жатат.

«Маданият министрлиги бул тармакта иш алып барса болот. Уят, үй-бүлөсү менен TikTok көрөт. Улуттук саясат болушу шарт. Өзбекстан менен Казакстанда TikTok жок», — дейт ал.