Кыргызстан пиязды экспорттоого тыюу салды

11:32, 01 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан пиязды экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 31-январдан тарта үч айга пиязды сыртка ташууга болбойт.

Бул чара өлкөдө бааны турукташтыруу үчүн кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан дагы пиязды экспорттоого тыюу салган.