Кыргызстанда рак менен ооругандардын саны 30 миңге жетет

11:25, 01 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда рак менен ооругандардын саны 30 миңге жетет. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Зульфия Рыскулова билдирди.

Анын айтымында, аялдардын арасында көкүрөк, матканын шишиги биринчи орунда турат.

2021-жылы 5 миң 746 адамдан рак аныкталса, анын 695и — көкүрөк шишиги.

Эркектердин көбүнчө ашказан жана өпкөсүнөн шишик табылат.