«Керемет» банкка байланыштуу кылмыш иштин алкагында 2 жаран Түркияда кармалды

15:42, 31 января 2023, Бишкек - 24.kg

«Керемет» банкка байланыштуу кылмыш иштин алкагында 2 жаран Түркияда кармалды. Бул тууралуу маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга которуу маселеси каралууда.

«Иш тергелип жатат. Мамлекетке келтирилген зыяндын 80 пайызы кайтарылды», — дейт Курманкул Зулушев.