Бишкекте таштандыга акы көтөрүлөт

15:31, 31 января 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык кеңеши таштанды чыгарууга акыны көтөрдү. Бул тууралуу чечим бүгүн отурумда кабыл алынды.

Ага ылайык таштандыны чыгарууга акы 2 эсе көтөрүлөт. Учурда ар бир шаар тургуну айына 22,5 сомдон төлөсө, эми 41 сом болот. Пенсионерлер 22,5 сомдон төлөшөт.

Ишканалар кубометрине 361 сомдон, же тоннасына 2 миң 430 сомдон беришет.