Кышкы кабыл алууда 590 студент жогорку окуу жайларга өттү

10:45, 31 января 2023, Бишкек - 24.kg

Кышкы кабыл алууда жалпы IV турдун жыйынтыгы менен 822 талон катталып, 661 абитурент катышты. Анын ичинен 590 абитуриент жогорку окуу жайларына кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, абитуриенттердин көпчүлүгү Ош мамлекеттик университетин тандашкан.