16:56, 27 января 2023, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүлдү.
Иш-чарага депутаттар, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, тарыхчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.
Аталган Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдары саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган жарандардын укугу, башкача айтканда, саясий репрессиялардын курмандыктарын актоого багытталган.
Сунуш кылынып жаткан Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы 1918-1953-жылдардагы окуялар боюнча тарыхый адилеттүүлүктү бекемдөөгө, «кызыл террор» жана сталиндик репрессия жылдарында укукка жат массалык репрессияларга дуушарланган Кыргызстандын көптөгөн жарандарынын жакшы ысмын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Жыйынды ачып жатып, «Альянс» парламенттик фракциясынын лидери Жанарбек Акаев мыйзам долбоорун иштеп чыгууга белгилүү тарыхчылар, жарандык активисттер, Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары Каныбек Иманалиев, Абдувахап Нурбаев, Мирлан Жээнчороев жана башка кызыкдар болгон жарандар катышканын белгиледи.
«Эми VII-чакырылышта мыйзам долбоору тармактык комитеттин кароосуна биринчи окууда киргизилет. Демилгечилер — Жогорку Кеңештин 4 депутаты, анын ичинде мен, Нурланбек Шакиев, Мирлан Самыйкожо, Чолпон Султанбекова. Бирок азыртадан эле көптөгөн депутаттардын колдоосу сезилүүдө», — деген Ж.Акаев парламенттик угуулар алдында коомчулук менен, анын ичинде «Эсимде» илимий-изилдөө аянтчынын алкагында кеңири талкуулар өткөнүн кошумчалады.
Талкуу маалында тарых илимдеринин доктору, мамлекеттик коопсуздук органдарынын ардагери Болот Абдрахманов саясий репрессиялардын курмандыктары тууралуу документтерди ачыкка чыгаруу зарылдыгын белгилеп: «Биз бул маселелерге өзгөчө көңүл буруубуз керек. Бул келечекте мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн зарыл», — деген Б.Абдрахманов сунушталган мыйзам долбоорун колдой турганын кошумчалады. Ал ошондой эле саясий репрессия маселесин изилдөөнүн тиешелүү концепциясын иштеп чыгууну сунуштады.
Ал эми тарых илимдеринин доктору, этнограф Абылабек Асанканов тарыхый аң-сезим улуттук аң-сезимдин калыптанышына шарт түзөрүн, ошондуктан тарыхты изилдөөгө өзгөчө көңүл буруу керектигин айтса, экс-депутат Каныбек Иманалиев бул мыйзам долбоору башкалардан айырмаланып, укуктук, саясий жана руханий документ экенин баса белгиледи. «Сунушталып жаткан мыйзам долбоору биз үчүн өтө манилүү, анткени биз бул трагедияны эстеп, саясий репрессиянын бейкүнөө курмандыктарынын элесине таазим кылышыбыз керек. Бул биздин ыйык парзыбыз», — деди ал.
Талкууну жыйынтыгында депутат Жанарбек Акаев парламенттик угууга катышкандардын сунуштары каралаарын, мыйзам долбоору жакынкы аралыкта Жогорку Кеңештин тармактык комитетине сунушталарын маалымдады.