17:09, 24 января 2023, Бишкек - 24.kg
Медиа Полиси институтунун өкүлдөрү «Азаттыкты» жабуу боюнча маданият министрилигин доо арызын чакыртып алууга үндөп жатат. Бул тууралуу алар атайын кайрылуу таркатышты. Төмөндө билдирүүнүн толук текстин жарыялайбыз.
«КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары — Маданият министрлиги) 2023-жылдын 17-январында «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Сотко жолдогон доо арызында министрлик «ЖМК жөнүндө» КР Мыйзамынын 23-беренесин («Калкка жайылтууга жатпаган маалыматтардын тизмеси»), ал эми конкреттүү түрдө «в» пунктун көрсөткөн, ал пунктта «ЖМКга согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого жол берилбейт» деп айтылат. Маданият министрлиги доо арызында 2022-жылдын 26-октябрында «Жалган (анык эмес) маалыматтардан коргоо жөнүндө» КР Мыйзамынын негизинде редакциянын сайтын бөгөттөө жөнүндө «Азаттык Медиа» мекемесине карата чыгарган өз чечимине шилтеме жасаган.
Буга чейин кабарлаганыбыздай, «Жалган (анык эмес) маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзам сөз болуп жаткан учурда мыйзамсыз колдонулган, себеби аталган мыйзамдын ченемдери анык эмес маалыматтарды жайылтуу маселелерин жөнгө салат. Мыйзамга ылайык, «анык эмес маалымат — бул чындыкка дал келбеген, башка адамдын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкер беделине шек келтирген маалымат». 2022-жылдын 8-апрелинде КР Министрлер Кабинети бекиткен мыйзамды ишке ашыруунун механизми жана тартиби «ар-намысыма, кадыр-баркыма же ишкер беделиме шек келтирилди, мага карата анык эмес маалыматтар таратылды» деп эсептеген жарандардын же юридикалык жактардын арызы боюнча гана сайтты бөгөттөөгө жол берет. Ал эми «Азаттык Медиага» байланыштуу иште министрликтин дарегине мындай арыз түшкөн эмес. Министрлик 2022-жылдын 24-октябрында «Жалган (анык эмес) маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамдын негизинде сайтта эмес, Youtube социалдык тармагындагы «Настоящее время. Азия» каналында жайылтылган программаны өчүрүү талабын койгон. Бул катта министрлик арыз ээсин көрсөткөн эмес (ар-намысына, кадыр-баркына же ишкер беделине шек келтирген анык эмес маалыматтар жайылтылган деп болжолдонгон адам), себеби мындай адам башында эле болгон эмес жана ушул кезге чейин жок. Ошондуктан Маданият министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин сайтына бөгөт коюу боюнча ыйгарым укуктары мыйзамсыз жана негизсиз колдонулган деп эсептейбиз.
Азыркы учурда жол берилген иш-аракеттери үчүн Маданият министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин доосу боюнча административдик жоопкер катары өтүп жатат. «Азаттык Медиа» мекемеси редакциянын сайтын бөгөттөө боюнча мамлекеттик органдын чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп табууну соттон өтүнүп жатат. Бирок, Маданият министрлиги сот административдик доону карап, маңызы боюнча чечим чыгарганга чейин күтпөстөн, «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу жөнүндө доо арыз менен кайрылды.
Маданият министрлигинин «Азаттык Медиа» согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салууга тиешелүү ченемдерди бузду деген доо арызы олуттуу айыптоо болуп саналат. Себеби, насааттоо (пропаганда) куралдуу жаңжалды тутандыруу үчүн идеяларды жана көз караштарды атайылап, системалуу түрдө жайылтуу дегенди билдирет. Башка элдерге жана улуттарга жек көрүү зомбулукка, кемсинтүүгө чакырыктар менен шартталып, же кайсы бир улуттун, элдин өзгөчөлүгү жөнүндө маалыматты жайылтуу менен көрүнүшү керек. Бирок «Азаттык Медиа» редакциясы мындай маалыматты тараткан эмес, болгону эки мамлекеттин расмий мамлекеттик органдарынын маалыматтары гана айтылган.
Доо арызда программанын алып баруучусу эки тараптын өкүлдөрүнөн комментарий алганы көрсөтүлгөн. Бул учурда маалымат эки тараптын жүйөлөрүн берүү менен чогултулуп, редакциянын иш-аракеттери журналисттердин кесиптик стандарттарына шайкеш келген. Ошол эле учурда тажик тараптын журналисти Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз борбору даярдаган пресс-релиздеги маалыматты толугу менен окуп берген. Ал эми Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик органдарынын маалыматын ушул эле программада «Азаттык Медианын» кыргыз редакциясынын журналисти жеткирген. «ЖМК жөнүндө» мыйзамдын 26-беренесине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары «эгерде маалыматтар маалымат агенттиктеринен же мамлекеттик жана коомдук органдардын басма сөз кызматтарынан алынса, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу үчүн жоопкерчилик тартышпайт».
Мындан тышкары, Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы айткан маалыматка «Азаттык Медиа» редакциясы төгүндөө берген. Бул тууралуу Маданият министрлигинин өзү да ырастап, доо арызында кыргыз тараптан «Азаттык Медианын» өкүлү бул маалыматты четке какканын белгилеген. Ошондой эле Тажикстандын мамлекеттик органдарынын позициясы тууралуу маалымат биздин мамлекеттик органдарга Кыргызстандын аймагында таратылып жаткан жалган маалыматтарга ыкчам жана өз убагында жооп кайтарууга жардам бергенине көңүл буруу керек. КР Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги таратып жаткан анык эмес маалыматты четке каккандыгы муну ырастап турат.
Маданият министрлигинин доо арызында расмий Тажикстан өзүнүн пресс-релизинде манипуляциянын куралы катары талкаланган үйдүн архивдик сүрөтүнө шилтеме бергени көрсөтүлгөн. Бирок, фактчекингге адистешкен кыргызстандык көз карандысыз редакциялар бир катар иликтөөлөрдү чыгарып, чек аранын тегерегинде болуп жаткан окуялар боюнча жайылтылып жаткан ар кандай жалган маалыматтарды ашкерелеп чыкканына көңүлдү бурабыз. Айталы, Кыргызстандын көз карандысыз медиасы тажик тарап анык эмес маалыматтарды тараткан фактыларды, соцтармактарда троллдордун колдонулушун аныктап, Тажикстандын расмий булактары жайылткан жалган маалыматтарды ашкерелешкен.
Улуттук коопсуздукка коркунуч келген дал ушундай учурда эркин, кесипкөй, жоопкерчиликтүү мамлекеттик эмес ЖМКлардын иши өтө маанилүү, себеби чындыкты издөө максатында кесипкөй стандарттарды сактоо берилген маалыматтарга ишенимди камсыз кылат. Бул маанисинен алып караганда, дал ушул биздин журналисттер иликтөөлөрдү жүргүзүп, фактыларды текшерүү боюнча өздөрүнүн кесиптик квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып, эл аралык коомчулук үчүн ишенимдүү маалымат булагына айланышты. Ошол себептен эл аралык коомчулук биздин журналисттердин материалдарына шилтеме жасап, алар берген сүрөттөргө жана видео фактыларга ишенишет.
ЖМК мыйзамдардын талаптарын бузуп, коом үчүн кооптуу кесепеттерге келсе, системалуу жана кара ниеттик менен мыйзам бузууларга жол берсе жана буга документ түрүндө тастыкталган далилдер болсо гана ЖМКнын ишин сот тарабынан токтотуу негиздүү деп табылышы мүмкүн. Министрликтин доосу негизсиз, себеби анда «Азаттык Медиа» коом үчүн коркунучтуу кесепеттерге алып келген, мыйзамдарды системалуу түрдө бузгандыгын тастыктаган реалдуу фактылар жана негиздер келтирилген эмес. «Азаттык Медиа» мекемесинин жабылышы ЖМКда сөз эркиндигин жана плюрализмди гана чектебестен, жарандардын маалымат алуу укугун да чектөөгө алып келет.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу биз Маданият министрлигинен «Азаттык Медиа» мекемесинин ишин токтотуу жөнүндө доо арызын кайтарып алууну жана жалпысынан көз карандысыз медиага кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылабыз.
«Медиа Полиси Институту» КФ
Журналисттердин көз карандысыз союзу
«Журналисттер» КБ
Журналисттик иликтөөлөр фонду
Нурдин Дуйшенбеков, «Журналисттер» КБ
Медиа Консалт Фонду
Абдумомунов Сабыр
Асель Оторбаева, «24.kg» МА
Махинур Ниязова, «24.kg» МА
Factcheck.kg
Нургуль Абдыкеримова
Кайыргуль Урумканова, Govori TV
Дина Маслова, Kaktus.Media
Дмитрий Ложников, Апрель
Таалай Дуйшенбиев, «Некст-ТВ» телеканалы
«Арча Медиа» редакциясы
Эльмира Токтогулова
Динара Ошурахунова
Дилбар Алимова, ПолитКлиника
Азат Рузиев, Башта
Аделя Лаишева
Тамара Валиева
Марат Токоев
Улан Үсөйүн, Баштан Башта
Асель Сооронбаева
Даяна Данияр кызы, Т. Турсуналиева атындагы медиа мектеби, Ош ш.
Тынымгул Эшиева
Айгуль Сторожук TV1KG
Равшан Личаню TV1KG
Семетей Аманбеков, Bulak.kg