Сокулукта Тажикстандан маңзат ташыган топтун мүчөлөрү кармалды

16:20, 24 января 2023, Бишкек - 24.kg

Милиция кызматкерлери Тажикстандан Кыргызстанга маңзат ташып жүргөн трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармашты.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, шектүүлөрдөн 12 килограммдан ашык гашиш алынды.

«13-январда саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы мечиттердин биринин жанында «Гашиш» (афган чарсы) баңгизатын сатууга аракет кылып жатышкан 1968-жылы туулган Г.К. менен 1964-жылы туулган А.Х. кармалды. Скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү таңгакталган баңгизаттын салмагы 12 кг 170 граммды түзгөн»-, деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.