Түркмөнстан Өзбекстанга газ экспортун жандандырды

17:28, 23 января 2023, Бишкек - 24.kg

21-январдан тарта Өзбекстан Түркмөнстандан кайрадан газ импорттой баштады. Бирок анын көлөмү суук башталганга чейинки көрсөткүчө караганда кыйла төмөн. Бул тууралуу Gazeta.uz сайты «Узтрансгаз» компаниясына шилтеме кылып кабарлады.

Түркмөнстан Өзбекстанга быйыл 12-январда газ жеткирүүнү токтоткон. Анда Галкыныш кениндеги коммуникацияларда гидраттын пайда болгону айтылган.

Түркмөнстан ушул тапта Өзбекстанга күнүнө 12,6 млн куб метр газ жеткирүүдө. Акырындык менен анын көлөмү 16 млн куб метрге көбөйөт.

Былтыр декабрда Өзбекстан Түркмөнстан менен үчүнчү тарапсыз газ жеткирүү боюнча кыска мөөнөттүү келишим түзгөн.