14:00, 23 января 2023, Бишкек - 24.kg
Илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө материалдык колдоо көрсөтүү максатында илимий даражасы үчүн белгиленген үстөктү 50 пайызы жогорулатуу чечими кабыл алынды.
Натыйжада, 2023-жылдын 1-январынан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленет:
– илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн – 2700 сом өлчөмүндө;
– илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн – 1350 сом өлчөмүндө.”.
Мындай чечим Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.