Билдирүүдө кеңсени ачуунун максаты долбоордун ишке ашуусун тездетүү экени белгиленген.
«Темир жолду куруу долбоорунун техникалык, экономикалык негиздемеси быйыл 1-июнга чейин даярдалат. Тараптар азыркы учурда долбоорду башкаруу тартиби, эл аралык финансы уюмдарынан каражат тартып келүүнүн үстүндө иштеп жатат», — деп билдирет «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы.