Кыргызстанда жети айдан бери жашап келген Илюшин Бишкек шаарында Орусиядагы саясий туткундарды колдогон жана Москванын Украинага каршы согушуна каршы эки тынч митинг өткөрүүнү пландаган.
«Өткөн жумада митинг өткөрүү боюнча Бишкек мэриясына билдирме жөнөткөм. Көп өтпөй милиция кызматкерлери мени Шаардык ички иштер башкармалыгына алып барып, суракка алышты. Менден эмне иш кыларымды, кандай уюмдарга мүчө экенимди сурашты. Ошондой эле «Эмне кылайын деп жатканыңды түшүнүп турасыңбы?», «Орусия менен мамилебизди бузгуң келип жатабы?» деген сыяктуу суроолорду беришти», — деди активист.
Илюшиндин айтымында, сурак маалында аны өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу документке кол коюуга мажбурлап, болбосо Орусияга депортациялана турганын айтышкан. Мындан соң ал Алматы шаарына чыгып кетүүгө аргасыз болгон.