Үкүбай Твиттерге: «Операция ийгиликтүү өттү. Биринчи президенттин өмүрүнө коркунуч жок. Ушул тапта ал көзөмөлдө», — деп жазды.
20-январь күнү эртең менен «Хабар 24» телеканалынын мурдагы директору Александр Аксютиц соцтармактардагы баракчалары аркылуу Нурсултан Назарбаев ооруканага жаткырылганын кабарлаган.
Нурсултан Назарбаев 1991-жылдын 16-декабрынан 2019-жылдын 20-мартына чейин Казакстандын президенти болгон. 2022-жылы расмий маалымат боюнча 238 кишинин өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин Назарбаев мурдагы таасиринен ажыраган.
2023-жылы январда «Туңгуч президент — Елбасы» мыйзамы толугу менен күчүн жоготкон. 13-январда казак парламентинин депутаттары -президент Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген конституциялык мыйзамды жокко чыгарган.