Нарын: Милиционердин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө

16:12, 20 января 2023, Бишкек - 24.kg

Нарында милиция кызматкеринин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 20-январда билдиргендей, кызматтык иликтөө жана тергөө жүрүүдө.

Окуя 18-январда Нарын шаарында болгон. 36 жаштагы милициянын капитанынын сөөгү үйүндө жипке асынган абалда табылган.

Милиция бул окуяны суицид деп атоодо. Маркумдун денесинде күч колдонуу белгилери аныкталбаганы маалымдалды. Ата-энеси жана жакын туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, эч кимге доосу жок экенин билдиришти.

Каза болгон адам жергиликтүү милицияда он жылдан бери кызмат өтөп келгени, кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасында бөлүм командири болуп иштеп жатканы, артында үч баласы калганы белгилүү болду.