Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу өттү

14:29, 20 января 2023, Бишкек - 24.kg

Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жолугушуусу өттү.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

«Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Тараптардын кезектеги жолугушуусу Кыргызстанда болот», — дейт министрлер кабинетинин маалымат кызматы.