Шыкмаматов «Бишкек» эркин экономикалык зонасына жетекчи болуп дайындалды

12:33, 20 января 2023, Бишкек - 24.kg

Алманбет Шыкмаматов «Бишкек» эркин экономикалык зонасына жетекчи болуп дайындалды. 

Мекеменин мурдакы директору Кудрет Тайчабаров өз арызы менен кызматтан кеткен.

Алманбет Шыкмаматов буга чейин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты жана Инвестия тартуу министрлигин жетектеген.