DABS’тин өкүлү Сафиулла Ахмадзай учурда электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, азырынча так жооп боло электигин билдирди.
Өзбекстан эки жума мурда Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимди дагы бир жылга узарткан. Ага ылайык, расмий Ташкент кышкысын коңшусуна 450 МВт электр энергиясын жеткириши керек.
Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарынын тургундары электр жетишсиздигинен кыйналып жатканы кабарланууда. Ошол эле маалда Өзбекстандын өзүндө да өтө суук аба ырайынан улам кезектеги энергетикалык каатчылык өкүм сүрүүдө.