15:09, 17 января 2023, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад, Талас жана Чүй облусунда айрым мектептер онлайн тартипте окууга которулду. Бул тууралуу Билим жана илим министри билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарында мамлекеттик мектептер онлайн окушат.
Андан сырткары, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр шаарларынын окуучулары үйдөн окуйт.
Талас облусунда Бакай-Ата районундагы 2 мектеп, Чүй облусунун Жайыл районунда 11 мектеп онлайн тартипте иштейт.
Кара-Көл шаарында 2 бала бакча,Таш-Көмүрдө 3 бала бакча жабылды.