Курманбек Бакиевдин жубайы Минск шаарында каза болду

13:20, 17 января 2023, Бишкек - 24.kg

Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова 47 жашында Минск шаарында каза болду. Анын сөөгү Кыргызстанга алынып келингени кабарланат.

Назгүл Төлөмүшова кичи мекени — Тогуз-Торо районунда жерге берилет.

Маалыматка караганда, ал оорудан көз жумду.

Белгилей кетсек, Назгүл Төлөмүшова Курманбек Бакиевдин экинчи никедеги аялы. Ал 2010-жылы экс-президент менен Беларуссияга качып кеткен. Экөөнүн бир уул, бир кызы бар.